АКШда билим алып келген студенттерден кеңештер


        Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Студенттик кеңештин ‘‘Эл аралык мамилелер’’ клубу тарабынан “Global Ugrad” алмашуу программасы аркылуу АКШда билим алып келген студенттердин тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында семинар уюштурулду.

        Семинарды КТМУнун студенттери Билимбек Бактыбеков,Тимур Бапиев жана БАЭУнун студенти Эльнура Алинова тажрыйбалары менен бөлүшүштү. “GLOBAL UGRAD” программасынын финалисттери программага кандай даярдануу керектигин жана эссе жазуудагы маанилуу шарттары тууралуу түшүндүрмө беришти.

      Америкадагы университеттердин окутуу системасына таңыркаган Эльнура Алинова: ‘‘Эссе жазууда өзүңүздөрдүн баштан өткөргөн чыныгы окуяңызды жана башкага таасир берүүчү кылып түзүү -сиздин программага өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүңүздү арттырат’’,-деди.

     Ал эми Тимур Бапиев өз кезегинде АКШга барып окуп келүү абдан чоң тажрыйба болгондугун баса белгилеп: ’’Эгер сиз 1-турдан өтүп,аңгемелешүүгө кирип калсаңыз,эч толкунданбастан,өзүңүздү бош кармап  сүйлөшүүңүз кажет. Аңгемелешүү учурунда дагы эсседе берип кеткен ойду толуктап, улантууңуз абзел”.

     АКШга программа аркылуу өтүп ,окуп келүү абдан чоң эмгекти талап кылаарын билдирген Билимбек Бактыбеков: ’’Азыркы учурда АКШда окуган кезди эстеп,кубанып отурам. Эгер сиздер дагы бир нерсени өзгөртүп ,жаңы долбоор баштайм десеңиздер, азыртан баштап аракет кылыңыздар”,-деп келген студенттерге дем-күч бере кетти. Семинардын соңу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.

    Белгилей кетсек,”GLOBAL UGRAD”-бул АКШ мамлекетинде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген, студенттердин алмашуу программасы.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек