Клубдардын жарманкеси


Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Студенттик Кеңеш башкармалыгы тарабынан К. Тыныстанов жыйындар залында клубдардын жарманкеси уюштурулду. Жарманкеге жалпы 14 клуб катышып,таанытуу презентациясын жасашты.

Иш-чаранын ачылышында «Modern Dance» бий группасы жана Көркөм өнөр факультетинин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Андан соң 2018-2019- окуу жылындагы Студенттик Кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу: «Университетибизди өнүктүрүүдө, студенттерди жакшы тарапка багыттоодо сиздерден жаңы идеяларды, жардамдарды күтөбүз»,-деди.

Ал эми төраганын орун басары Месутжан Бинзет 28 клубдун ичинен толук кандуу иштейбиз деп 14 клуб катталгандыгын айтып, студенттерди бош убакытты текке кетирбей клубдарга жазылып, пайдалуу иштерди жасоого чакырып өттү.

Каттоодон өткөн бардык клубдардын жетекчилери клубда өнүгүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгү боюнча маалымат берип, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен жарманке жыйынтыкталды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза