“Тоолор кулаганда”спектакли коюлду


   К.Тыныстанов жыйындар залында Чүй облустук  Термечиков театры Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тоолор кулаганда” романынын негизинде коюлган спектаклди көрсөтүштү. Спектаклдин режиссёру Б. Парманов  чыгарма согуштун түбөлүктүү табияты жана адамдын жаратылышын , согуш адамдардын өз колунан жаралаарын айткысы келгендигин билдирген.

   Чыгарманын башкы каарманын аткарган Мамбеттурду уулу Бекболот :”Бул чыгармада адам баласынын жаратылышка болгон сүйүүсүн, акыйкаттыктын бийик экендигин көрсөткөн. Ушундай чыгарманын башкы каарманын аткаруу оңой болгон жок.Бирок ар бир роль актёрго жаңы жашоо тартуулайт андыктан мага дем күч берди”, - дейт.

   Белгилей кетсек Ч. Айтматовдун мындай чыгармаларын алдыда дагы көп сахналаштырабыз деген оюн айта кетишкен

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы