Даярдоо курсунун жетекчилерин шайлоо болуп өттү


Университетибизде даярдоо курсунун жетекчилерин шайлоо болуп өттү. Шайлоого жалпысынан 34 группанын старосталары катышышты. Алардын ичинен 9 Кыргызстандык жана 4 чет өлкөлүк студент башчылыкка талапкерлигин коюшту.


Шайлоо жабык түрдө өтүп, шайлоочулар бир кыргыз, бир чет өлкөлүк талапкерди төрагалыкка жана төраганын орун басарлыгына тандап алышты. Жыйынтыгында Эльгиз Жумабеков төрага, Еда Чаталкая болсо төраганын орун басары болуп шайланышты.


Эльгиз Жумабеков: “Азыр "Хазырлык Party"ге даярданып жатабыз. Жакында даярдоо курсунун студентери менен «International Education Week» аттуу улуттар аралык жарманке өткөрөбүз. Жарманкенин максаты даярдоо курсунда билим алып жаткан студенттерге ар кандай мүмкүнчүлүктөр (чет өлкөгө баруу үчүн программалары, сынактар, семинар, форумдар) тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Ошондой эле келечекте интеллектуалдык оюндарды, спорттук турнирлерди өткөрөбүз. Быйыл плоггинг иш-чарасын да өткөрөлү деп жатабыз. Ушундай иш-чаралар аркылуу биз студенттерибиздин ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошобуз. Биз учун даярдоо курсундагы ар бир студент жана алардын ойлору маанилүү»,-деди өз сөзүндө.


Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы