Жаман адаттардын кесепеттери


Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында «Жашыл ай коому» коомдук бирикмеси тарабынан тамеки, алкоголь, баңгизат, техникалык көз карандылыкты алдын алуу максатында «Зыяндуу адаттардын кесепети» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө 26-29- ноябрь аралыгында коммуникация факультетинин имаратында улантылат.


Коомдук бирикменин баш катчысы Ая Бапаева «Биз бул иш-чараны жыл башынан бери ар кайсы университеттерде уюштуруп келе жатабыз. Эми жыл аягына чейин региондорго чыгып, дагы көптөгөн жаштардын аң-сезимин жогорулатууга салым кошууну көздөп жатабыз.»,-деп билдирди.


Андан сырткары ушул эле темада сүрөт конкурсу дагы уюштурулат. Конкурска студенттер өздөрүнүн темага байланыштуу сүрөттөрү менен катыша алышат. Сыйлыкка ар кандай кызыктыруучу байгелер коюлган. Биринчи орунду багындыра алган сүрөт БУУнун архивине жөнөтүлөт.

 

Даярдаган: Мелис кызы Луиза