“Мен үчүн ар бир чет тили- жаңы дүйнө, жаңы кадам”


Үстүбүздөгү жылдын 19- ноябрь күнү Cтуденттик Кеңештин  “Youthproject”  клубу тарабынан “Нөлдөн башталган миллион”  китебинин автору, “ Тил Академиясы” окуу борборунун жетекчиси Амина Мамытбекованын катышуусунда семинар болуп өттү. Иш-чара Касым Тыныстанов жыйындар залында өткөрүлдү.

Семинардын коногу Амина Мамытбекова  жалпы алты тилде эркин сүйлөй алат. Бул көрсөткүчкө кантип жетти жана тилди кантип үйрөнүп баштоо керек деген суроолордун тегерегинде тажрыйба, кеңештери менен бөлүшүп: “Максатыңызга багыт алсаңыз энергия өзү пайда болот. Туура жолго багыт алганда күчтүү болуп калабыз, өзүбүзгө болгон ишеним күчөйт. Биз энергияны башкалардан эмес, өзүбүздөн гана алабыз. Көңүлүңүзгө жаккан каалаган тилиңизди өздөштүрүңүз”,-деди.

Ал эми семинар соңунда Студенттик Кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза