“Ойлоншоу” интелектуалдык клубу форматын өзгөрттү


Студенттик кеңештин “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу ички форматын өзгөртүү максатында курултай өткөрдү. Курултай 30-ноябрь күнү К.Тыныстанов жыйындар залында болду. Жыйынга клубдун мурунку мүчөлөрү, учурдагы  мүчөлөрү жана оюнчулар катышышты.

Клубдун иштөө системасын өзгөртүү, жаңылануу максатында формат өзгөртүлдү. Ар кандай ой-пикирлер, талкуулардын негизинде жаңы форматта төмөнкүдөй талаптар коюлду.

1. Бардык командалар, оюнчулардын катталуусу;

2. Клуб ичинде  уюштуруу иштерин аткарып жүргөн мүчөлөрдүн да оюнга катышуусу;

3. Жалпы катталган  мүчөлөр кезектешүү менен оюн уюштуруусу;

Форматтын мындай болуп өзгөрүүсүнүн дагы бир себеби, клуб мүчөлөрү уюштурууга катышып, бирок, оюнга катыша албагандыгы болгон. Форматты өзгөртүү иши ачык шайлоо түрүндө жүргүзүлүп,  мүчөлөр жана оюнчулар өзгөртүүгө добуштарын беришти.

Белгилей кетсек, “Ойлоншоу” интелектуалдык клубу  бул окуу жылында   Бегимай Асранова тарабынан жетектелип келет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы