Бүтүрүүчүдөн студентке


30-ноябрь күнү университетибизде "Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы" жана "Эл аралык мамилелер" клубу тарабынан "Бүтүрүүчүдөн студентке" долбоорунун алкагында кезектеги семинар уюштурулду.

Семинардын спикери КТМУнун бүтүрүүчүсү жана ОБСЕ Академиясынын магистранты Абдырахман Сулайманов болду. Иш-чара КЭРдин "Бир алкак-бир багыт" программасынын тууралуу болду. Өзгөчө семинардын англис тилинде болгондугу студенттердин кызыгуусун арттырды.

Семинардын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, "Бир алкак-бир багыт" (One Belt One Road) программасы 3 миллиарддан ашык калкты камтыган инвестициялык проект болуп эсептелет. Проекттин максаты алгач Азия жана Европа өлкөлөрүнүн арасында транспорттук инфраструктура, соода жана инвестиция боюнча байланыштарды түзүү болгон. Ал эми кийинки убактарда дүйнөлүк масштабдагы проектке айланып, кургактыкта жана деңизде эки маанилүү эл аралык соода жолдору түзүлдү: Жибек Жолу экономикалык алкагы жана Деңиз Жибек Жолу болуп эсептелет.

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Акымбаев Алтынбек