«Кел Түркчө сүйлөшөлү» долбоору өз ишин улантууда


Ар ишемби күнү университетибизде «Кел түркчө сүйлөшөлү» долбоору өз ишин улантууда.

Сабактар жогорку курста окуган Түркиялык студенттер тарабынан өткөрүлүүдө. Сабактардын жүрүшүндө студенттерге кызыктуу оюндар уюштурулуп, түркүн методдор колдонулат.

Проекттин максаты студенттерге түрк тилин үйрөнүүдө жана аны практикада колдонууда көмөк көрсөтүү. 8-декабрда болуп өткөн жыйында долбоордун жетекчиси Орхан Аяз Улутүрк долбоор боюнча жалпы маалымат берип өттү.

Белгилей кетсек, практикалык сабактардын ишке ашырылып келе жатканына быйыл беш жылдын жүзү болду.

Даярдаган:Мелис кызы Луиза