Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү


Үстүбүздөгү жылдын 3-4-декабрь күндөрү КТМУ Ден соолук борбору тарабынан 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата лекциялардын сериясы өткөрүлдү. Лекцияларды Ден соолук борборунун врач-неврологу Алтынкүл Осмонбекова алып барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге СПИД жана ВИЧ-инфекция тууралуу кенен түшүнүктөр берилди. Лекцияны алып барган врач бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар өлкөсүндө эмгектенип жаткан ак халатчандар ооруну алдын-алуу боюнча болгон аракеттерин жумшап жаткандыгын баса белгилеп: “Азыркы тапта ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар болуп эсептелет. Андыктан бул өңүттүү иш-чаралар атайы студенттерге карата ВИЧ-инфекция оорусун алдын-алуу максатында уюштурулуп жатат”,-деп билдирди.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму(БУУ) 1988-жылы 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Ал эми 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алынган.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек