"Магистр Cup 2018" кубогунун ээси катары биздин университет табылды


Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Залкар жазуучу, коомдук ишмер, публицист, котормочу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык жаркын элесинине арналган "Магистр Cup" аталышындагы кубок ойнотулду. Кубокко борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлар катышып оюн жогорку деңгээлде өттү.

Оюн Чыңгыз Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгынан баштап кыргыз этнографиясы, маданияты, улуттук мурасы боюнча даярдалган суроолордон турду. Биздин университеттин атынан "Ойчулдар" командасы турнирдеги бардык командаларды артта калтырып, турнирдин чемпиону аталышты.

Команда капитаны Балгарт Кенешов:  “Университетибиздин атынан катышып, окуу жайыбыздын намысын коргоп жаткандыктан  турнирдин датасы белгилүү болгондон  бери жарыяланган темаларга даярдандык. Даярдыгыбыздын үзүрүн көрүп, чемпион аталып отурабыз! Бизге ишеним  арткан  окуу жайыбызга ыраазычылык билдиребиз”,-деди.

Даярдаган: Балгарт Кенешов