“Эвересттин” жеңиши


20-декабрь күнү университетибиздин  К.Тыныстанов жыйындар залында  “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун 2-оюну уюштурулду. Оюн “Манас ааламы” деген темада өткөрүлүп, жалпы 17 тайпа ат салышты.

Иш-чара белгилүү жаш манасчылар Нурбек Талантбеков менен Төлөбек Муса уулунун “Манас” айтуусу менен башталып, андан соң оюнга орун берилди. Мелдеш үч тур менен өткөрүлүп, жалпысынан “Манас” эпосунун сюжети, жер-суу аттары, манасчылар, эпосту изилдеген окумуштуулар туурасында суроолор берилип, кызуу таймаш жүрдү.

Оюндун жыйынтыгында, 3-орунга “Чемпион” тайпасы татыса, 2-орунду “Приоритет” тайпасы ээледи, ал эми “Эверест” тайпасы 1-орунду багындырды. Мындан сырткары, ”Мыкты оюнчу” номинациясы боюнча жарыш болуп, ал наамга Казакбаева Саадат татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө адабий китептер, ”Саякбай” кинотасмасына билеттер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек