“Манас” университетинин эки студенти Президенттик стипендия менен сыйланды


Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенти Адинай Курманова жана экономика факультетинин студенти Атабек Апышев Кыргыз Ресбупликасынын президентинин стипендиясы менен сыйланды. Студенттерди сыйлоо аземи Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын президентинин стипендиясына өлкөдөгү 38 жогорку окуу жайынын жетекчилиги тарабынан 210 студент көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы менен айырмаланган 69 мыкты студент өлкө башчысынын стипендиясына татыктуу болду. Мыкты студенттерге президент Сооронбай Жээнбеков ардак грамота жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырды.


Эске салсак, Адинай Курманова журналистика бөлүмүндө 4-курста окуйт. Ал коомдук ишмер Аскар Салымбековдун 2016-жылкы “Намыс” стипендиясынын жеңүүчүсү. 2018-жылы көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган студенттер аралык конференцияда 1-орунду, “Жоогазын” фестивалында “Мыкты доклад” сыйлыгын, “Manas Awards-2018» кароо-сынагынды “Жылдын мыкты алып баруучусу” наамын жеңип алган. “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинде жана “Леди кж” гезитинде стажировкадан өткөн. 2016-2018-жылдары университеттин www.students.manas.edu.kg сайтынын кыргыз тилинин редактору, кабарчысы жана репортеру болуп иштеген. Учурда КТРК Спорт каналынын жаңылыктар бөлүмүнүн жана “Спорт Сереп” маалымат-аналитикалык программасынын коресспонденти.


Атабек Апышев экономика бөлүмүнүнүн 4-курсунун студенти. Ал 2017-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи ректору Карыбек Молдобаев атындагы стипендиянын жеңүүчүсү. 2018-жылы экономика боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларынындагы студенттер аралык олимпиаданын 3-орунун ээси. Ошол эле жылы Түркиянын Анкара шаарындагы улуттук банкында практика өтүп келген.

Даярдаган:Аксаамай Назарбай кызы