«Жамийла» спектаклинин көрсөтүлдү


2018-жылдын  17-21-декабрь күндөрү КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети тарабынан студенттердин   ийгиликтерин көрүү, аны колдоо жана театр ааламына жаңы ысымдарды алып келүү максатында уюштурулган "Жаңы ысымдар" IV республикалык театр  фестивалында  КТМУнун көркөм өнөр факультетинин 4-курсунун студенттери Бертольт Брехттин «Кавказдын үн чийини» аттуу спектакли менен катышып, баш байгени жеңип алышты. Командага гран-при жана айымдын образын  мыкты аткаргандыгы үчүн Гүлнур Жамилбековага калыстар тобунун  байгеси  ыйгарылды.

КТМУ Көркөм өнөр факультетинин театралдык өнөр бөлүмүнүн студенттери жана Студенттик Кеңештин театр клубунун мүчөлөрү Ч.Айтматовдун  "Жамийла"спектакли менен фестивалга катышып биринчиликти багындырды. Театралдык өнөр бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Мехмед  Костекчи “Эң мыкты режиссура” наамы,  ал эми Жаркынбек Казыбеков, Афруза Шухратбек кызы жана  Саид  Думанга ролдорун мыкты аткаргандыгы үчүн «Жаш Кыял» республикалык  сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлоо аземи Т. Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык  драма театрында болуп өттү.

Ал эми 25-декабрда, биринчиликти багындырган «Жамийла»  чыгармасы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин К.Тыныстанов жыйындар залында  сахналаштырылды. Көркөм өнөр факультетинин театралдык өнөр бөлүмүнүн студенттери  жана театр клубу тарабынан даярдалган бул чыгарма көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Спектаклдин соңунда ректор проф.,док. Себахаттин Балжы: «Бул спекталь үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Агай-эжейлер, студенттер, театр клубу биргелешип спектакль көрсөтүүсү аны менен бирге ынтымакташып, ар улуттун өкүлдөрүнүн биргеликте иштешүүсү кубандырат. Спектакль мени жаштык чагыма алып барып келди биз да ал учурда, спектаклдерде роль аткарат болчубуз. Демек, салтыбыз жоголбостон уланууда Чыңгыз Айтматовдун жашоосу силер сыяктуу жаштардын арасында улана берет. Айтматов жүрөктөрдүн түпкүрүндө жашап келе жатат»,-деди ал.

Ректор студенттердин багындырган ийгилиги үчүн жалпы командага университетибиздин төш белгисин жана "Түрк дүйнөсүнүн инсандары" аттуу китебин белекке берди . Көркөм өнөр факультетинде театр жана костюм сабактарынын мугалими, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы театр ишмерлер союзунун жетекчиси Жаныш Кулманбетовго өзүнүн төш белгисин тапшырды.

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Аксаамай Назарбай кызы