Убакытты туура пайдаланууну үйрөнөбүз!


1-февраль күнү университетибизде “Бүтүрүүчүдөн студентке” долбоорунун алкагында “Time менеджмент” атуу семинар болуп өттү. Семинар студенттерге мотивация берүү жана убакытты туура бөлүштүрүүнүн канчалык деңгээлде маанилүү болгондугун билүү максатында «Манас» университетин бүтүрүүчүсү, “IROKEZ” компаниясынын HR менеджери Тезекбаева Аида тарабынан жүргүзүлдү.


Жашоого болгон кызыгуу, убакытты кантип туура пайдалануу керек, чын эле убакыт кыскарып бара жатабы жана башка ушул сыяктуу кызыктуу темаларда талкуулар болду. Тезекбаева Аиданын өз сөзүндө “Жашообуздагы эң маанилүү нерсе бул-убакыт. Убакытты туура пайдалануу керек, ар бир ишиңизди өзүңүздүн мойнуңузга алып кыйналбай башкаларга да туура бөлүштүрүп берүүнү үйрөнүү керек”,-деди.


Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында студенттерге мотивация берүүчү темаларда семинарлар ар жума күнү өткөрүлүп туруусу пландалууда. Активдүү катышкан 3 студентке жалпы семинардын жыйынтыгында белектер берилет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы