Кезектеги университетти таанытуу иш-чарасы


Үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү  “Военное-Антоновска” балдар үйүнөн келген 9-классынын окуучулары үчүн университетибизди таанытуу иши жүргүзүлдү. Иш-чарага жалпы 30дай окуучу жана мугалимдер катышып, окуу жай тууралуу кеңири маалымат алып кайтышты.

Таанытунун жүрүшүндө окуучулар университеттин таанытым тасмасына күбө болуп, факультеттер тууралуу  жана окуу жайга  тапшыруу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле кампустагы  факультеттердин имараттары жана тв, радио студиялары,  жатакана жана китепканаларга саякат жасашты.

Окуучуларды жетектеп келген мугалимдер: “Окуу жайдын шарттары чындыгында эң мыкты экен. Окуучуларыбыз да бул университетте окууга ынтызар экенин айтып жатышат. Татыктуу билим алууга эң ыңгайлуу жер экени көрүнүп турат, буюрса биздин балдар да бул жайга  өтүшөт деген ишеничтебиз”,-деген оюн билдиришти.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы