«Өлкөлөрдүн улуттук мурастары» оюну уланууда


20-февраль күнү университетибизде «Өлкөлөрдүн улуттук мурастары» аттуу интеллектуалдык университеттер аралык оюндар сериясынын 2-оюну, “Тажикстандын улуттук мурастары” темада болуп өттү. Оюнга университетибиздин Ректору, проректору, Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы жана 8 университеттен командалар катышышты.

Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан  улуттар аралык достук жана ынтымакты бекемдөө, студенттердин башка өлкөлөрдүн улуттук баалуулуктарын үйрөнүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулууда.

КТМУнун таанытым тасмасы менен ачылган иш-чарада университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы ачылыш сөзүн сүйлөдү. Андан соң Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы  университетибиздин жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ал эми командаларга ийгилик каалады.

Калыстар тобунун төрайымы тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Роза Абдыгулова болсо, ал эми мүчөлөрү Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова жана Ворисони Рудаки организациясынын президенти Зарифов Хасан болушту.

Оюн 2 турдан туруп, 1-турунда командалык таймаш, ал эми 2-турда мыкты оюнчуну тандоо туру болду. Жыйынтыгында  1-орунду “Манас”  университети багындырды. Ал эми 2- орунду  Бишкек Гуманитардык университети алса, 3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети алды. Мыкты оюнчу наамын болсо, Бишкек Гуманитардык университетинин  командасынын мүчөсү алды. Жыйынтыгында сыйлоо аземи болуп, жеңүүчүлөр Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан грамота жана ар кандай сыйлыктар жана белектер менен сыйланышты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы