Бүтүрүүчүлөрдөн студенттерге кеңештер


Үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү Студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан Айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Бул иш-чарага айыл чарба тармагындагы түрдүү уюмдарда, лабораторияларда эмгектенип жатышкан КТМУнун бүтүрүүчүлөрү: Бермет Бейшенканова, Бактыгүл Аскаралиева, Мукаев Мирлан, Айжан Шабданова, Эркинбек уулу Байымбет, Камчыбеков Нурбек, Айжамал Кулманбетова, Айзат Сулайман кызы өңдүү жаш адистер келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүлөрү студенттерге өз кеңештерин берип, университетти аяктаган соң аларды эмне күтүп жаткандыгы, келечекте жакшы ишке орношуу үчүн азыркы тапта эмне кылуу керектиги тууралуу кенен маалымат берип, андан сырткары, стажировка, практикадан өтүү, проект жазуу сыяктуу маанилүү жагдайларга да токтолуп өтүштү.

Жолугушуунун соңунда, студенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек