«Региондордо таанытуу» долбоорунун отчёттук кечеси


23-февраль күнү салтка айланып калган университетибиздин “Таанытуу комиссиясы”  жетекчилигинде Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жана Студенттик кеңеш тарабынан жыл сайын уюштурулуп жаткан «Региондордо таанытуу» долбоорунун отчёттук кечеси өткөрүлдү.

Кечеге биринчи проректор, проректор, агай-эжелер жана таанытууда ыктыярчы болгон студенттер катышышы.

Программа 2 боордош өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталып, андан соң Студенттик иштер башкармалыгынын жетекчиси Гүнхан Кайхандын долбоор  тууралуу кеңири маалымат берүүсү менен уланды. Иш-чарада 7 облуста таанытуу иши боюнча ыктыярчылар тарабынан отчёттор берилди. Андан кийин программаны расмий жыйынтыктоо үчүн университетибиздин биринчи проректору проф. докт. Асылбек Кулмырзаев сүйлөп, ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, “Региондордо таанытуу” иш-чарасы жылдагыдай эле декабрь айында башталган. 1-этапта бардык региондор боюнча бара турчу мектептердин, ыктыярчы студенттердин тизмеси жана бериле турчу таанытуу материалдар даярдалса, 2-этапта кышкы каникулда үйүнө барган ыктыярчы студенттер мектептерди кыдырып таанытуу иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жалпысынан бул жылы 161 ыктыярчы, 321 мектепке барып 12 188 окуучуга университетибиз тууралуу маалымат беришкен.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы