Табигый илимдер жана Инженердик факультети менен болгон маектешүү


Салтка айланып калган ар факультеттердин  маектешүү иш-чарасынын бул жолкусу Инженердик жана Табигый илимдер факультеттери менен 28-февраль күнү болуп өттү. Маектешүүгө университетибиздин ректору, проректору, декандар жана студенттер катышышты.

Ачылышында университет тарабынан тартылган таанытуу видеосу коюлуп,андан соң ректор проф.,док. Себахаттин Балжы 2017-2018-окуу жылынын бардык бүтүрүүчүлөрүнүн анын ичинде өзгөчө Инженердик жана Табигый илимдер факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу тууралуу маалымат берди. Андан тышкары студенттерге команда менен иштөө, туура байланыш кура билүү, китеп окуу боюнча пайдалануу кеңештерин айтты.

Андан соң проректор проф.,док. Анварбек Мокеев Бүтүрүүлөрдүн ишке орношуусун тактоодогу университеттин жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана  бүтүрүүчүлөр менен иш  алып баруу филиалы тарабынан уюштурулуп жаткан Жетекчилик менен маектешүү жыйындары май айына чейин ар бир факультет жана жогорку мектепте өткөрүлүүсү пландалган.