«Манас» дебаттык клубунун 10-жылдык юбилейи менен «Жеңүүчүлөр мууну-2019» турнири жыйынтыкталды


Үстүбүздөгү жылдын 23-24-февраль күндөрү Экономика жана башкаруу факультетинде  “Манас” дебаттык  клуб тарабынан «Жеңүүчүлөр мууну-2019» турнири уюштурулду. Аны менен бирге клубдун 10 жылдык юбилейи белгиленди. Иш-чарага клубдун  түптөлүшүнө салым кошкон мурунку кординаторлор,  учурдагы мүчөлөрү жана ар башка университеттен келген студенттер менен бирге жалпы 24 команда катышты.

Юбилейдин ачылышында 2010-2011-жылдары клубда кординаторлук милдетти аткарган  Эльвира Калмурзаева ачылыш сөзүндө клубдун түзүлгөнү, кандай иштерди аткаргандыгы жана “Жеңүүчүлөр мууну” аттуу турнирдин башка турнирлерден өзгөчөлүүгү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында бул турнир клубдардын деңгээлинин көрсөткүчү жана эң башкысы достукту чыңдоо турнири болуп саналат.

Оюн негизинен Британ парламенттик форматында өтүп, дебатерлор ар тараптуу темаларды талкуулашты. Оюн жыйынтыгында жеңишти даярдоо курсунун студенттери  Арслан Алымкулов жана Акылбек Насирдинов багындырды. Ал эми 2-орунга Гульзар Маратбек кызы жана Ибрагим Ханцзиан, 3-орунга Шадия Абдулбакиева жана Бекмырза Исаков ээ болду.

Ошондой эле жеңүүчү командаларга кубок жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Манас» дебаттык клубу 2008-жылы Бермет Жумаканова жана Эркин Рыскулбеков тарабынан түзүлгөн. Ал эми «Жеңүүчүлөр мууну» турнири Бермет Жумаканова тарабынан  2009-жылы февраль айында биринчи жолу өткөрүлгөн. Андан бери  бул турнир жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп келет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы