Айымдардын эл аралык майрамына карата акысыз мехенди тартылды


7-март күнү окуу жайыбыздын Экономика жана башкаруу факультетинде айымдардын эл аралык майрамына карата кыздарга акысыз мехенди тартуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Студенттик Кеңеш башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Анда Көркөм өнөр факультетинин студенттери, кыздарга ар кандай кооздуктагы мехендилерди тартып беришти. Колуна мехенди тарттырган Айжаркын Зайирова, сулуулук салондорунда тарттырган мехендиден кем калбастыгын жана оюндагыдай тартып беришкенин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоолор айтылып, ыр ырдалып мыктыларга белектер тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, денеге сүрөт тартууга, чач, тырмак боего колдонулган хна химиялык жол менен эмес, кадимки эле табиятта өстүрүлгөн  хна өсүмдүгүнүн жалбырагынан алынат.Элдик медицинада хна тери ооруларында жана бут тердегенде колдонулат. Ал аллергия чакырбоочу өсүмдүк болуп эсептелип, химиялык боёкторго караганда бир кыйла пайдалуу болуп саналат.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы