Эркин Рыскулбеков “Ийгилик сырлары” менен бөлүштү


13-март күнү  Касым Тыныстанов жыйындар залында “Ийгилик сырлары” аталышындагы семинар болуп өттү. Анда семинардын коногу окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү, теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков болду.

Анын айтуусуна караганда ийгиликтин так бир аныктамасы жок, ал ар ким  үчүн ар кандай болот. Эрте менен жумушка кубануу менен барып, кечинде үйгө шашып келгендин өзү дагы бир ийгилик деп эсептейт.

“Манаска келген сайын өзүмдүн студент кезимди эстейм, анткени бул жердин өзүнө тиешелүү өзгөчө бир касиети бар. Бир гана билим берип, келечекке жол ачып бербестен, адам болууга дагы тарбиялайт”,-деди Рыскулбеков. Аны менен бирге студенттерге теория менен практиканы айкалыштырып бирге алып кетүүнү сунуштады.

Ошондой эле семинардын жүрүшүндө студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, жакшы көргөн ырын көркөм окуп бергенге дагы жетишти.

Белгилей кетсек, иш-чара Студенттик Кенеш башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Инсандык Өнүгүү” жана “Biolife” клубдары тарабынан уюштурулган.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова