«Триллионерлердин» жеңиши


12-март күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун 6-оюну болуп өттү. Оюнга жалпысынан 16 команда катышып, “Логика” темасында куч сынашышты.

Иш-чара алгач Каныбек Абдыкеримовдун ыр аткаруусу менен башталып, андан соң оюнга орун берилди. Оюн негизинен өзгөчө ой жүгүртүүнү талап кылган логикалык суроолор жана табышмактардан турду.

Ошондой эле оюнда командалык тең чыгуулар катталып, кошумча берилген суроолордун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды. Натыйжада, 3-орунга “Жеңиш”, 2-орунга “Бетме-бет” командалары ээ болду. Ал эми “Триллионерлер” тайпасы биринчиликти багындырды.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу” номинациясына Даут Бекболотов татыктуу болуп, жеңүүчүлөргө “AdBe” чет тилдер курсуна сертификаттар  жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек