Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин карьера күнү


28-март күнү кезектеги карьера күнү Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби үчүн уюштурулду. Иш-чара университетибиздин проректору проф.,докт.  Анварбек Мокеев, Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү доц.,докт. Канат Жанузаков, окуу жайыбыздын  ага окутуучулук жамааты, чакырылган мекемелер жана студенттердин коштоосунда Касым Тыныстанов жыйындар залында өткөрүлдү.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү доц., док. Канат Жанузаков карьера күнү менен куттуктап, бүтүрүүчүлөр тууралуу маалымат берип өттү.

Ал эми университетибиздин проректору проф.,док. Анварбек Мокеев студенттерге жана мекемелерге ийгилик каалап: “Биздин студенттер ар тараптан мактоого татыктуу, андыктан сиздерге  студенттерибизди сыймыктануу, ишенүү менен сунуштай алабыз”, -деди.

Ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу адиси Аэлита Жолчиева: “Биз сапаттуу билим берүүдө “Манас” университетин жакшы билебиз. Университет билимдүү жаштарды тарбиялап келет. Бардык эле жерге илимдүү, билимдүү, жоопкерчиликтүү адистер  талап кылынат. Ошолордун арасынан сиздерди дагы көргүбүз келет”,- деген ойлору менен бөлүшүп өттү.

Иш-чаранын алкагында Дене тарбия жана спорт жаатында эмгектенген мекемелер өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу менен бирге бүтүрүүчүлөрдү ишке чакырып өтүштү. Аны менен бирге «Санжыра» бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын соңунда келген конокторго ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза