Айымдар илимде жана техникада


Үстүбүздөгү жылдын 29-март күнү  университетибизде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Семинар Кыргыз-Герман Техникалык институтунун директору, «Айымдар илимде жана техникада» долбоорунун координатору Анипа Усупкожоева жана техника илимдеринин доктору Анара Садиева тарабынан табигый так илимдер жана инженердик факультетинин студенттери үчүн болду.

Семинарда Анипа Усупкожоева өзүнүн турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, “Бир айымды тарбияласаң улутту тарбиялайсың. Ошондуктан кыздарыбызды илим, билимге жакындатышыбыз керек, тарбия эне тарабынан көбүрөөк берилгендиктен, кыздарыбыздын билимдүү болгону келечек муундарыбыз үчүн өтө маанилүү”,-деди. Ошондой эле, ар тараптуу билим алганга аракет кылгыла, азыркы учурда технология аябагандай бийик деңгээлге жетти жана IT тармагында билим алуу азыркы замандын негизги талабына айланды деп кошумчалады.

Ал эми Анара Садиева “Билим алуу эч качан кеч эмес, убакытты текке кетирбей туура билим алууга умтулгула. Мен азыркы учурда дагы тил үйрөнүү менен алекмин, силердей куракта билим алуу, бир нерсени кабыл алуу жеңил”,-деген оюн билдирди.

Семинардын аягында студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип,эстеликке жалпы сүрөткө түшүштү.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза