Салттуу маектешүү кечесинин кезектеги жыйыны


Үстүбүздөгү жылдын 4-апрель күнү окуу жайыбыздын ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректору проф., док. Анварбек Мокеев Көркөм өнөр факультети менен Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин  студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.

Маектешүү кечеси алгач университеттин таанытуу тасмасы жана көчмөндөр оюну боюнча тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды.

Андан соң ректор жогоруда аты аталган эки  факультеттин бүтүрүүчүлөрү тууралуу маалымат берип берди. « Бир марканы көргөндө анын сапатын текшербестен эле жакшы же жаман экенин билебиз. Ошол сыяктуу эле биздин бүтүрүүчүлөр да белгилүү, сапаттуу маркалардай болушу керек. Андыктан  университет түзгөн мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, жакшы окуп, биринчилеринен болгонго аракет жасагыла»,- деди ректор проф.,док. Себахаттин Балжы.

Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев: «Студент бул бош  идиш эмес, ал шам-чырак аны  жөн гана жандырып коюу керек. Студент өз алдынча өнүгүүгө аракет жасоосу керек. Мугалим болсо жөн гана багыт берет»,-деген оюн билдирди.

Ошондой эле маектешүү учурунда студенттер кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы