Жашыл кампус


8-апрель күнү окуу жайыбызды жашылдандыруу максатында «Жашыл кампус» аталышындагы көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурулду. Ага ректор, биринчи проректор, проректорлор, мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышышты.


Иш-чаранын ачылышында университетибиздин ректору, проф.,док. Себахаттин Балжы “Бугүн бизде майрам,маанилүү күн. Анткени ар бириңиздер бирден көчөт отургузуп жатасыздар. Кийин ушул жер жашыл эс алуу багына айланганда, менин бул жерде дарагым бар деп сыймыктануу менен айта аларыңыздарга ишенем”,-деди.


Ал эми биринчи проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң дарактарды отургузуу аземине кезек берилди. Университетибиздин академиялык, административдик кызматкерлеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн жана студенттеринин катышуусундагы иш-чарага ар бир Манастык өз көчөтүн сатып алып катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Жыйынтыгында 6 түр ар түрдүү көчөттөн 1700гө даанасы отургузулду.

Белгилей кетсек, бул иш-чара кампусубузду жашылдандыруу, көркүнө көрк кошуу максатында Студенттик иштер башкармалыгы жана Сервистерди тейлөө башкармалыгы тарабынан университетибиздин жетекчилигинин колдоосунда уюштурулду.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза