«Чет өлкөдө билим алуу негизги максатыңар эмес, жашоодогу куралыңар болсун»


Үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү Студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу Инсандык өнүгүү клубу тарабынан Касым Тыныстанов жыйындар залында «Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү» темасында семинар уюштурулду. Семинардын спикери Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси Нурсултан Кубанов болду.

Семинардын жүрүшүндө Нурсултан Кубанов өзүнүн жетишкен ийгиликтери, топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, чет өлкөдө окуунун шарттары боюнча дагы кенен маалымат берип өттү.

«Азыр чет өлкөдө окууга өтө көп мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Европа мамлекеттерине, Кытайга, Японияга бюджеттик негизде жөнөткөн программалар абдан көп. Бардык эле мамлекеттерде англис тили өнүккөндүктөн англис тилин жакшы билсеңер чет өлкөгө чыгып окуп келүү мүмкүнчүлүгүңөр көбөйөт. Бирок тил үйрөнүү, чет өлкөдө билим алуу негизги максатыңар эмес, жашоодогу куралыңар гана болсун» деген кеңештерин  айтты.

Иш-чаранын соңунда студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип,ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза