Нобель сыйлыгы туурасындагы акыл таймаш


12-апрель күнү Социалдык курулуштар имаратынын VIP залында “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун 8-оюну болуп өттү. Бул жолку оюндун темасы дүйнө жүзүнө белгилүү Нобель сыйлыгы тууралуу болду.

Оюн үч этаптан туруп, алгач командаларды тандоо туру өтүп, андан соң негизги оюнга кезек берилди. Мелдештин жүрүшүндө Нобель сыйлыгынын лауреаттары, алардын илимге кошкон салымы туурасында суроолор орун алды.

Оюндун жыйынтыгында, 3-орунга “Илим” тайпасы  ээ болсо, 2-орунга “Бетме-бет” командасы татыды. Ал эми “Кыялкечтер” тайпасы 1-орунду багындырды. Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу” номинациясы аныкталып, ал наамга Насирдин уулу Темирбек татыктуу деп табылды.

Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан адабий китептер, сертификаттар  жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек