Кайрымдуулук- жүрөктөрдү жумшартат


24-апрель күнү Коммуникация факультетинде Студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу “Ак-Ниет” кайрымдуулук клубу тарабынан “Кубаныч тартуула” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Ага “Үмүт” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнөн коноктор чакырылып, оюн-зооктор уюштурулуп, чакан концерттик программа көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.


“Ак-Ниет” кайрымдуулук клубунун жетекчиси Аскар Акимов: “Бөбөктөрүбүздүн күлкүсү биз үчүн аябай маанилүү. Клубубуз менен биргеликте дагы бир жолу балдарга кубаныч тартуулаганга аракет кылдык”,-деди.


Ал эми “Үмүт” балдар үйүнүн тарбиячысы уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, “Бүгүнкү күн аябай жакшы деңгээлде өттү. Манас университети бизге дайыма жардамын берип келет. Балдарыбызга кубаныч тартуулап, көңүл буруп жатканыңарга рахмат”,-деген оюн билдирип өттү.

Белгилей кетсек балдарга арналган бул өңдүү иш-чара “Ак-Ниет” кайрымдуулук клубу тарабынан үчүнчү ирет уюштурулду.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза