Ахыска түрктөр кечеси уюштурулду


Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Касым Тыныстанов жыйындар залында Ахыскалык түрк студенттер тарабынан Ахыска түрктөрү кечеси уюштурулду. Ага университетибиздин ректору, проректору, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү, Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү диаспорасынын башчысы, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы: “Улуттун ким экендигин тили далилдейт. Эч убакта тарых, маданият, үрп-адат, тилибизди унутпашыбыз керек. Жаштарыбыздын ушул иш-чараны уюштуруп жатышканы кубандырат. Жаштар биздин эртеңки келечегибиз, андыктан билим, илим алгыла. Билимди сүйгүлө, аракет кылгыла, эртеңки күнү сөзсүз жообун аласыңар”,-деди.

Ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин өз сөзүндө “Ахыскалык түрктөр бир түндүн ичинде эч көрбөгөн, билбеген бир жерге айдалды. Бири ата-энесин, бири баласын, дагы бири бир-туугандарын жоготту. Бирок эми бардыгы артта калды, кайрадан башыбызды көтөрүп, биригип, тарыхыбызды, маданиятыбызды башкаларга дагы көрсөтүп отурабыз”,-деген оюн билдирип өттү.

Ошондой эле Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү диаспорасынын башчысы уюштуруучуларга, келген конокторго жана студенттерге ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң Ахыскалык түрк студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа орун алды.

Иш-чаранын алкагында Ахыска түрктөрүнүн маданиятын тааныткан көргөзмө дагы уюштурулду.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза