«Карьера күнү-2019» Экономика жана башкаруу факультетинде


Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде карьера күнү Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери үчүн уюштурулду. Ага университетибиздин ректору, проректору, экономика жана башкаруу факультетинин окутуучулук жамааты, студенттер жана атайын конок катары чакырылган ишкана, мекемелер катышышты.

Иш-чаранын расмий ачылышы Касым Тыныстанов жыйындар залында болуп өтүп, ачылыш сөзүн сүйлөгөн Экономика жана башкаруу факультетинин деканы проф., док. Хакан Четинташ факультет, бүтүрүүчүлөр жана студенттер тууралуу жалпы маалымат берип өттү.

Ал эми университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы уюштуруучуларга жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, мекемелер менен бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.

Ошондой эле биринчи проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев: «Университетти бүтүргөндөн кийинки биринчи жумуш ордуңар өтө маанилүү. Ал жер алгачкы кесиптик жолуңардын башаты болуп эсептелет. Биз дагы силердин иш менен камсыз болушуңарга болгон аракетибизди мындан ары дагы уланта беребиз»,- деп билдирди.

Буга кошумча Экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү Бегимай Мурзакматова студенттик күндөрү жөнүндө төмөндөгүдөй ойлору менен бөлүшүп өттү: «Биздин университетте түзүлгөн шарттар мен көргөндөн эң мыктысы болуп эсептелинет. Университетте окуп жүргөндө агайымдын «Университетте берилген мүмкүнчүлүктөрдү 100% эмес, 200% колдонуп калганга аракет кылгыла»,- деген сөзү дайыма эсимде жүрөт».

Андан соң кофе-брейкке кезек берилип, келген мекемелер өз ишмердүүлүгү менен тааныштырып өтүштү. Ошондой эле мекемелерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза