Шахмат боюнча университет биринчилери аныкталды


Үстүбүздөгү жылдын 18-19-20-апрель күндөрү окуу жайыбызда шахмат боюнча  университет  биринчилиги аныкталды. Бул иш-чара Студенттик кеңеш башкармалыгы менен Дене-тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан уюштурулган.

Шахмат боюнча университет биринчилигинде кыздар арасында  1-орунду  Феруза Гүлжигит кызы, 2-орунду Алия Адылжан кызы жана 3-орунду Эркинай Ташматова ээледи.

Ал эми балдар арасында 1-орунга Жээнбек Раманов ээ болсо, 2-орунга Бексултан Өмүрзаков, 3-орунга Кубаныч Апилмажив уулу татыды.

Жеңүүчүлөргө медалдар, кызыктыруучу белектер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова