Студенттик курултай болуп өттү


25-октябрда КТМУнун Студенттик Кеңешинин  I жалпы студенттик курултайы өткөрүлдү. Анда бир жыл ичинде аткарыла турчу жаңы долбоорлор талкууланып, өткөн жылы активдүү кызмат кылган Студенттик Кеңештин он мүчөсүнө мактоо баракчалары тапшырылды.

  Курултайда Студенттик Кеңештин төрагасы Залкар Аманов менен орунбасары Атилла Гүвен окуу жайга  жаңылык алып келе турган жана коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюуга, өзгөчөлүк киргизүүгө багытталган 18 жаңы долбоор менен тааныштырды. Алардын ичинен “Бут кийим тазалоочу кутучаларды орнотобуз” долбоору жалпынын кызыгуусун арттырып, чоң колдоого ээ болду. Мындан тышкары иш-чарага катышкан студенттердин сунуштары айтылып, айрымдары планга киргизилмей болду.

  Ошондой эле студенттер кызыкчылыгына жараша каалаган комитеттерине жазылышып, комитет башчылары менен тааныштырылды.   

Жыйындын соңунда даярдоо курсундагы студенттердин төрагалары шайланды. Ага жалпы сегиз студент талапкер болуп, аткара турчу  пландары менен бөлүштү. Жыйынтыгында даярдоо курсунун төрагалары болуп Юсуф Мерт Эр менен  Бекболот Кубатбек уулу   дайындалышты.

 

Эске сала кетсек, Студенттик Кеңештин карамагында Билим , Маданият, Спорт, Медиа комитеттери жана “Ойлон шоу” интеллектуалдык, “Инсандык өнүгүү”, “Ак ниет” кайрымдуулук клубдары сыяктуу жыйырмадан ашык клуб иш алып барууда. 

 

Кабарчы: Адинай Курманова