2018-2019-окуу жылындагы акыркы маектешүү кечеси


Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде университетибиздин ректору проф.,док. Себахаттин Балжы Айыл-чарба жана Ветеринар факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.

Бул иш-чара студенттерге мотивация берүү жана жакындан таанышуу максатында уюштурулган, 2018-2019- окуу жылындагы акыркы маектешүү кечеси болуп эсептелинет. Иш-чарага ректор, факультет декандары, окутуучулук жамааты жана студенттер катышышты.

Программа университетттин таанытуу тасмасы менен ачылып, ректор проф., док. Себахаттин Балжы тарабынан факультеттин бүтүрүүчүлөрү, алардын ишмердүүлүктөрү тууралуу жалпы маалымат берилди. Ректор проф.,док. Себахаттин Балжы: «Биздин бүгүнкү маектешүү кечебизде силер менен болгонума кубанычтамын. Максатыбыз расмий эмес, чын көңүлдөн маектешүү болуп саналат. Жыл эсебинен студенттер менен болгон акыркы маектешүү болгону үчүн да бир аз толкунданып турам.  Менин силерге кеңешим, эгерде башкалардан айырмаланып турууну кааласаңар университет берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү 100% эмес, 200% пайдаланып калууга аракет кылгыла. Дайыма алдыда болуу үчүн өзүңөрдү ар тараптуу өнүктүргүлө. Жашоодо көйгөй жараткан эмес, чечкен адам болгула»,-деди.

Иш-чара студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берилип, жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Мелис кызы Луиза