Карьера күнү Кесиптик жогорку мектебинде


Кезектеги  Карьера күнү  24- апрель күнү кесиптик жогорку мектебинде өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын ректору, мугалимдер жамааты, атайын чакырылган 15ке жакын ири ишканалар, компаниялар  жана бүтүрүүчүлөр катышышты.

Жыйында алгач окуу жайдын жана жогорку мектептин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, Кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү Махмуд Вурал ачылыш сөзүн сүйлөдү. Ал эми окуу жайыбыздын ректору проф., док. Себахаттин Балжы, Кесиптик жогорку мектеп тууралуу жалпы маалымат берип өттү.

“Өнүккөн өлкөлөрдө да Кесиптик жогорку  мектептер көп жана алар эң  алдыңкы ишмерлерди өстүрүшөт. Биздин бүтүрүүчүлөр өз ордуларын табууда жана кийинки бүтүрүүчүлөр да элге кызмат кылган мыктылардан болооруна ишенем”,-деди.

Университетибиздин Кесиптик жогорку  мектебинин 2017-2018 окуу жылындагы бүтүрүүчүсү Бурул Бектур кызы: « Манасты бүтүргөнүм үчүн сыймыктанам анткени сүйгөн кесибим менен жакшы жерде иштеп жатам»,- деп ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле келген конокторго кофе-брейк уюштурулуп, андан соң компаниялар  өз  ишмердүүлүктөрү тууралуу кенен маалымат берип, тааныштырып өтүштү.

Белгилей кетсек, карьера күнү университетибиздин бүтүрүүчүлөрүнө жумуш орундарын таап берүү жана  ири компания, мекемелер менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулуп келет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы