Карьера күндөрү Инженердик факультетинде өткөрүлдү


“Карьера күндөрү 2019” долбоорунун алкагында Инженердик факультетинин студенттери үчүн карьера күнү уюштурулду. Ага окуу жайыбыздын ректору проф,.док. Себахаттин Балжы, Инженердик факультетинин деканы проф.,док. Жошкан Ылыжалы, жалпы окутуучулук жамаат, студенттер жана 20 га жакын “Чайна Петроль Компании “Джунда”,  “Timely Soft”компаниясы, “Ала Тоо Сүт” ишканасы ж.б. мекемелер катышышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн ректор проф,.док. Себахаттин Балжы: “Окуу жайдын билим деңгээлин, сапатын көрсөткөн бүтүрүүчүлөр болуп эсептелет. Биз өзүбүздүн бүтүрүүчүлөргө карап, кайсы деңгээлде экендигибизди айта алабыз. Анткени азыр дүйнөнүн 5 континентинде, 32 өлкөдө бүтүрүүчүлөрүбүз иштеп жатышат.Бул биздин университет үчүн чоң жетишкендик”,-деди.

Ал эми карьера күнүнө атайын конок катары чакырылган “ Кумтөр Голд Компани” ишканасынын менеджери Ольга Медоева биздин университеттин студенттери менен тажрыйба алмашууга, иштешүүгө кызыктар экенин айтты. 

“Учурда биздин  ишканада университеттин 5 бүтүрүүчүсү эмгектенет жана ар бири өз ишине так, жоопкерчиликтүү десем болот. Жайында биздин компанияда тажрыйба топтоо үчүн студенттерди кабыл алабыз, ошого катышууга аракет кылгыла”,-деп билдирди.

 

Ошондой эле окуу жайыбыздын бүтүрүүчүлөрү КРнын Гидрометеорологиялык агенствосунун бөлүм башчысы Мээрим Асанбай кызы жана  “Ала Тоо Сүт” ишканасынын Генералдык директорунун орун басары  Чыңгыз Сапарбеков, жалпы окутуучулук жамаатка ыраазычылык билдирип, мындай иш-чарага катышуу сыймыктуу болгонун кошумчалап өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Санжыра” бийчилер тобунун кыздары өз өнөрлөрүн тартуулап, андан соң жалпы конокторго кофе-брейк уюштурулду.

 

Карьера күнүнө келген компания, мекемелер өз ишмердүүлүктөрү тууралуу студенттерге кенен маалымат берип, тажрыйба бөлүшүштү.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова