“Манас” үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөлөрү


Үстүбүздөгү жылдын 2-9-сентябрь күндөрү Түркиядан келген студенттерди тосуп алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Бул иш-чараны өткөрүүдө “Манас” университетинин студенттери активдүү катышып жаткан чагы.

Чет өлкөлүк студенттерди “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алып, жатаканага жайгаштыруу иштерине чейин көмөк көрсөтүлүп жатат.

Мындан сырткары, документация жана виза алуу боюнча да тиешелүү жардам берилүүдө.

Белгилей кетсек, «Манас» университетинин жетекчилигинин чечими боюнча 2019-2020-окуу жылы үчүн Түркия Республикасынын абитуриенттерине 148 орун берилген. Алардын ичинен 69 Манастын студенти катары даярдоо курсуна киришти.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек