Ректор Проф., док. Себахаттин Балжы Cтуденттик Кеңеш менен жолукту


27-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору  Проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор Проф., док. Анварбек Мокеев  2016-2017 окуу жылында жаңы шайланган Студенттик Кеңеш  менен жолугушуп, күбөлүк жана төш белгилерди тапшырышты.

 Университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2001-жылдын 1-мартындагы  2001-34 номерлүү чечими менен “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик кеӊеши жана студенттик клубдардын иш алпаруусу боюнча инструкция” кабыл алынып, студенттердин билим берүү боюнча тийиштүү кеӊештерде жана платформаларда өкүлчүлүк кылуу максатында уюшулган жана алардын социалдык, маданий жана спорттук иш-чарларына университеттин колдоосу көрсөтүлүп келет.      

         Студенттик кеӊеш университеттин ичинде жана тышында студенттик өкүл катары иш алпарган компетенттүү жалгыз уюм болуп саналат. Кеӊеш университет жана студенттер арасындагы байланышты түзүү менен, студенттердин демократиялык түрдө университетти башкаруусуна катышууну камсыз кылат. Бул жоопкерчилик Студенттик кеӊештин мүчөлөрү факультеттин, бөлүмдөрдүн жыйындарына катышып, ал эми кеӊештин төрагасы болсо университеттин Окумуштуулар кеӊешинин жыйындарында ой-пикир жана сунуштарын билдирип, жетекчилик менен бөлүшүү жолу аркылуу камсыздалат. Студенттик кеӊеш студент жана жетекчилик арасында көпүрө катары милдет аткаруу менен студенттердин ар түрдүү көйгөй жана маселелерине баа берип, ишке ашыруу сыяктуу  маанилүү миссияга ээ. Өзгөчө студенттердин көйгөйлүү маселелерин чечүү процессинде керектүү иш-чараларды жүргүзүү менен алардын аткарылышына көз салып турушат.

Кабарчы: Асел Шамилова