СТУДЕНТТИК КЕҢЕШТИН БАШКАРУУ ЖАНА ТЕКШЕРҮҮ КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨР ШАЙЛАНДЫ


 16-октябрь күнү Студенттик кеңеш башкармалыгынын Башкаруу жана текшерүү кеңештерине 2019-2020-окуу жылы үчүн шайлоо өткөрүлдү. Шайлоого университеттин ректору, биринчи проректору, агай-эжейлери, мурунку Студенттик кеңеш башкармалыгынын мүчөлөрү, факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү катышышты.

 

  Жыйынды расмий түрдө проректор проф.,док. Анварбек Мокеев ачып берип, Студенттик кеңеш тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң окуу жайдын ректору жана  биринчи проректору  сөз сүйлөп, 2018-2019-окуу жылынын Студенттик кеңешине ыраазычылык билдирип, жаңы шайлана  турчу мүчөлөрүнө ийгилик каалашты.

 

Жыйындын жүрүшүндө мурунку Студенттик кеңеш бир жылдык отчётун берип андан соң талапкерлер өздөрүн тааныштырышты.

Жылдагыдан айырмаланып бул жылы талапкерлер көп болуп, атаандаштык күчөдү. Башкаруу кеңешине  15 студент талапкер болсо, текшерүү кеңешине 5 студент өз талапкерлигин койду. Шайлоонун негизинде Башкаруу кеңешине Аскарбек Абдуакимов ,Онур Кайа , Ажар Матраимова , Бектурсун Сыдыков , Тогайхан Эржан, Алибек Тургунбоев , Кантемир Закиров өтүштү. Ал эми Текшерүү кеңешине Фуркан Эсад Айдын , Бекболду Аскербеков жана Юсуф Четин  шайланышты.

 

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы