Биздин сыймык


Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында университетибиздин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айзирек Урматбекова өлкө башчысынын стипендиясы менен сыйланды.

Сынак май айында башталып, ага жалпы 159 студент катышкан. Алардын ичинен 61 студент сыйлыкка татыктуу болуп, президенттин ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми сынакка 27 окуу жайдан 3-4-курстарда окуган студенттер катышкан.

Белгилей кетсек, Айзирек Урматбекова “Mevlana” алмашуу программасы аркылуу “Mersin” университетинде окуп келген. Ошондой эле “Прогрессивдүү, демилгелүү фондунун”, “ Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин 3-агымынын бүтүрүүчүсү, Түркиянын “TRT” каналында 1 ай практика өтүп келген. Учурда “Шоокум” журналында эмгектенет.

Кабарчы: Адинай Курманова