ЕВРОПАДА БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАГАН СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ АРТУУДА


 IELTS  тести, анын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча семинар уюштурулуп, ага жылдагыга салыштырмалуу  студенттер көп катышышты. Семинар университетибиздин Экономика жана Башкаруу факультетинде  23-октябрь күнү болуп өттү.

  Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда айтылган тесттин жалпы  негизги өзгөчөлүктөрү, анын структуралык түзүлүшү, шарттары тууралуу кеңири маалымат айтылып, студенттердин суроолоруна жооп берди. Семинар IELTS тест борборунун  кызматкери Ди Иннокентий Сергеевич тарабынан өткөрүлду.

    IELTS британиялык англис тили, анын башка тесттерден айырмасы жазуу гана эмес, жандуу сүйлөшүү аркылуу студенттин билим деңгээлин текшерүү болуп эсептелет. Ал  Академик ( билимин жогорулатуу үчүн магистратура ) жана жалпы тест ( Европада жашап, иштеп калуу үчүн) болуп бөлүнөт.

    Англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Эрмек Эсентурова: "Мен  Европадан магистратураны окугум келип жатат. Бул семинардан керектүү маалыматтарды алдым. Буюрса, жакында  арада жазылып, тест тапшырам", -дейт.

Белгилей кетсек, семинар Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы