РЕКТОР ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ МЕНЕН ТААНЫШУУ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


Башкаруу жана байкоочу тобунун мүчөлөрү менен окуу жайыбыздын жаңы шайланган Студенттик кеңеши, университетибиздин башкармалыгы менен болгон таанышуу жыйыны 30-октябрь күнү ректоранттын “Окумуштуулар кеңеши” залында болду. Бул жыйынга Түркия мамлекети Президентинин башкы кеңешчиси, окуу жайыбыздын ректору, биринчи проректор, ректор жардамчылары, башкы катчы, Студенттер жана бүтүрүүчүлөр координаторлугу филиалынын кызматкерлери жана Студенттик кеңештин мүчөлөрү катышышты.

Жыйындын ачылышында ректор жардамчысы проф., док. Анварбек Мокеев болуп өткөн шайлоо жөнүндө маалымат берип, жаңы шайланган Студенттик кеңештин мүчөлөрүн тааныштырды.

Андан соң университетибиздин биринчи проректору проф., док. Асылбек Кулмырзаев, “ Алгач баарыңарды куттуктайм! Силер Кыргызстандагы эң сапаттуу университеттин Студенттик кеңеши болуп шайландыңар. Мындан улам силерде жоопкерчилик өтө жогору”,-деди.

Ал эми окуу жайыбыздын ректору проф., док. Себахаттин Балжы өз сөзүндө: “ Сиздерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Силер окуу жайыбыздагы студенттердин кандай болгонун бизге көрсөтүп жатасыңар. Бул себептен баса белгилеп айткым келет, силер биздин эң мыктыларыбыз болуп эсептелесиңер. Силер өзүңөргө өтө чоң жолду аманат кылып алдыңар жана бул ишиңерде университетибизге чоң жумуш жасайсыңар деп ишенем”,-деп билдирди.

 2019-2020-окуу жылындагы Студенттик кеңештин төрагасы Аскар Абдуакимов менен төрага жардамчысы Онур Кая 1 жыл ичинде жасала турган иш-чаралар жана проекттер боюнча маалымат берип өтүштү.

Мындан сырткары Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу : “ Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын атынан баарыңызга салам айтып, куттуктайм!  Сиздер буйруса баарынан мурда өзүңүздөргө, андан кийин үй-бүлөңүзгө, окуу жайыңызга, өлкөңүзгө жана Түрк дүйнөсүнө кызмат кылган жаштардан болосуңар. Өзүңөр билгендей Түрк дүйнөсүнүн чоң адамдарынын бири Гаспыралы Алинин айткан мындай сөзү бар: “Кайсыл ишти жасап жатсаң жаса, бирок ал ишти эң жакшы жасагандардан бол”. Андыктан баарыбыз ар бир ишибизде эң мыктысы болууга аракет кылалы”,-деген оюн айтты. 

Мындан соң Студенттик кеңештин мүчөлөрүнө университеттин төш белгилери тагылып, эстеликке сүрөткө түшүштү. Буга кошумча жаңы ачылган Студенттик кеңеш жана клубдардын имаратынын ачылышы дагы болду.

 

 

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Нурзат Казыбекова