SOS БАЛДАР АЙЫЛЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ.


Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында SOS балдар айылынын 8-11-классынын окуучуларына университетти таанытуу программасы уюштурулду.

Жалпы 20дай окуучуга университет боюнча маалымат берилип, кампус менен таанышуу болду. Окуучулар ар бир факультетти кыдыруу менен бирге студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды дагы көрүп кайтышты.

Окуучулар унивеиситетибиздин шарттары толук кандуу канааттандырарлык экендигин жана пайдалуу маалыт алгандыгын айтышып, ыраазычылык билдиришти. Белгилей кетсек, SOS балдар айылынын окуучулары унивеиситетибизде алгачкы жолу болушту.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы