МАЕКТЕШҮҮ КЕЧЕСИ СТАРТ АЛДЫ


Университетибиздин салтка айланган ректор жана биринчи проректор менен болгон маектешүү кечеси бул жылы инженерия факультети менен башталды.

Маектешүү үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү ректоранттын жыйын залында факультет деканы, окутуучулук жамаат жана студенттердин катышуусунда өттү.

Ректор студенттер менен пайдалуу маалыттарды бөлүшүп, аны менен бирге бул жылкы бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу боюнча статистикасын дагы көрсөттү. Ал эми биринчи проректор инженерия факультетинин студенттери кандай сапаттарга ээ болуу керек экендигин кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, маектешүү кече жыл сайын ар бир факультеттин студенттери менен өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты студенттер менен жакындан таанышуу, мотивация берүү болуп саналат.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы