«GLOBAL UGRAD», АКШДА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРДЕН СЕМИНАР


Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Студенттик Кеңештин алдында түзүлгөн «Эл аралык мамилелер» клубу тарабынан «Global UGRAD» алмашуу программасы тууралуу семинар уюштурулду. Семинардын спикерлери ушул программа аркылуу АКШга барып билим алып келген Асан Калдыбаев жана Тимур Бапиев болушту.

Семинардын жүрүшүндө «Global UGRAD» программасы жөнүндө кенен маалымат айтылып, тапшырууда эмнелерге көңүл буруу зарыл? кантип даярдануу керек? эссе жазуудагы негизги шарттар ж.б. тууралуу тапшыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү.

«Бир жолку ийгиликсиздикте өзүңөрдү таштап койбогула» деген Асан Калдыбаев төмөнкүлөргө токтолду: «Америкага окууга өтүү оңойго турган жок. Кыргызстандан жылына 5 гана студент жөнөтүлөт. Алдыңкы бештин катарына кирүү, башкалардан айырмаланып суурулуп чыгуу оңойго турбайт. Биринчи эле эссе жазууда аны окуган адамга таасир бере тургандай, ага Америкага барып билим алганга өзүңдүн татыктуу экениңдигиңди далилдешиң керек. Бирок кыргыз тилиндегидей көп сөз менен эмес, 500 сөздүн тегерегинде гана жазууга уруксат берилет», - деди. Ал эми Тимур Бапиев, «Манас” университетинде студенттерге ыңгайлуу шарттар абдан жакшы түзүлгөнүн баса белгилеп өттү. «Бизде өзүңдөн башка курстардын дагы сабактарын алып окууга шарт түзүлүп берилген. Башка университеттерде бир аз кыйынчылык туудурат, алар академик өргүү алып анан барып келишет. Ошондой эле өзүнөн бир жыл кийинкилер менен университетти бүтүп калышат. Бизде болсо алдыңкы, үстүңкү курстардан кошумча сабак алып, кредитин толуктап, өзүнүн курсташтары менен бирге бүтүп алуу мүмкүнчүлүгү бар», - дейт Тимур Бапиев.

Семинардын алкагында студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип, программага тапшыра турчу студенттерге кеңеш берип, жол көрсөтүүгө дайым даяр экенин айтып өтүштү. Семинардын соңунда конокторго ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Global UGRAD» студенттердин бюджеттик негизде АКШга барып билим алып келүүсүнө шарт түзүп берген программа. Студенттин бардык чыгымдары каржыланып, ага кошо жетишкендик стипендиясы менен камсыз болушат.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза