АСЫЛБЕК БАКТЫБЕКОВ, ЖУРНАЛИСТ: « УЧУРУНДА ҮНҮМДҮ ЖАРАБАЙТ ДЕП, РАДИОГО АЛБАЙ КОЮШКАН»


КТРК спорт теле каналынын алып баруучусу жана баяндамачысы Асылбек Бактыбеков, 28-ноябрь күнү окуу жайыбыздын Экономика жана башкаруу факультетинде студенттерге үн жана дикцияны жакшыртуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул жолугушуу Студенттик кеңештин алдындагы "Ойлоншоу" интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулду.

Алгач менин үнүмдү радиого жарабайт деп албай коюшкан, азыр болсо алдыңкы рекламаларга үн коштойм. Андыктан үндү жана дикцияны оңдоп алууга болот деген Асылбек Бактыбеков," Мен алгач мугалимдер айткан көнүгүүлөрдү жасап, китеп окуганда үнүмдү чыгарып окуп, дикциямды оңдоого тынбай аракеттендим. Жыйынтыгында үнүмө аябай эле жардам берди. Андыктан жоктон бар жасоо силердин колуңарда",- деди.


Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө бир канча көнүгүүлөрдүн түрүн айтып, студенттерге практика жүзүндө көрсөтүп бергенге дагы жетишти.

Мындан сырткары университеттеги жана азыркы иш учурундагы эсте калган окуяларын, кетирген каталарын жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып берди.

Эскерте кетсек, Асылбек Бактыбеков университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнөн бири. Ал Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн 2017-жылы бүтүргөн. Учурунда "Манас", "Санжыра" радиолорунда ди-джей, алып баруучу болуп дагы иштеген.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы