АЙДАНА ТОПЧУБАЕВА, АЛЫП БАРУУЧУ, ЖУРНАЛИСТ: «ЖУРНАЛИСТ БОЛУУ ҮЧҮН, АНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨҢ-КЕЛБЕТТИН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖОК»


«Азаттык» радиосунун «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн алып баруучусу Айдана Топчубаева, 3-декабрь күнү университетибиздин Экономика жана башкаруу факультетинде студенттер менен жолугушуп, өзүнүн журналисттик тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуу Студенттик кенештин алдындагы "Ойлоншоу" интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулду. Ал деги эле журналист ким, ал кандай кызмат аткарат жана журналисттик этика туурасында ой бөлүштү.


Журналист болуу учун учурда өң-келбеттин анчалык деңгээлде зарылдыгы жок экендигин, үндүн кооздугу, дикция жана команда менен иштеше билүү маанилүү экендигин айткан Топчубаева, «Мен 2-курста окуп жүргөнүмдө «Азаттык» радиосуна алып баруучулукка тандоодон өткөм, бирок студент болгонума байланыштуу окуумду улантууга туура келген. Арадан жыл айланбай эле 3-курстун аягында алып баруучу керек болуп, кайра чакыруу алгам. Буйрук экен ошондон бери иштеп келе жатам «,-деди.


Түрк дүйнөсү даректүү тасмалардын Эл аралык 4-фестивалында 33 мамлекет, 170 тен ашык фильм катышкан сынакта, студенттер категориясында "Эң мыкты фильм" номинациясын "Аяна" аттуу даректуу тасмасы менен жеңип алган. Ал тасма тууралуу жаш алып баруучу төмөнкү оюн билдирди: « Бир эле күндө бат эле тартам деген кином көп убакытты, көп аракетти талап кылды. Бирок оор эмгектин үзүрү да болбой койбойт экен, мээнетим кайтып жеңиш мага буйруптур".
Эскерте кетсек, Айдана Топчубаева окуу жайыбыздын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири.

Ал Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык менен 2019-жылы аяктаган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы