ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО 91 ЖЫЛ


Дүйнөгө аты чыккан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бүгүн туулган күнү. Көзү тирүү болгондо залкар жазуучу 91 жашка чыкмак. Жазуучунун туулган күнүнө арнап, окуу жайыбыздын Студенттик Кеңеши жана клуб жетекчилери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, зыярат кылып кайтышты.

Алгач эстеликке гүл коюлуп, 1 мүнөттүк эскерүүдөн соң Айтматовдун элесине багышталып куран окулду.


Ошондой эле 1937-38-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, жалган жалаа менен “улутчул, эл душманы” деп аталган 137 кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданий ишмерлери дагы эскерилди.


Дал ушул репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер, Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси деп аталып калган.

Андан соң Айтматовдун үй музейине саякат жасалды. Музейде алган сыйлыктары, белектери, сүрөттөрү, колдонгон буюмдары, кол жазмасы сакталуу. Белгилей кетсек Чыңгыз Айтматов Төрөкулович 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында клиникада көз жумган.


Даярдаган: Луиза Мелис кызы